Жогорку Кеңеш ыш маселесин качан карай турганы белгилүү болду (видео)
Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы ыш көйгөйүн кайрадан көтөрдү.
Ал жыл башындагы парламенттин отуруму ыш маселесин кароо менен башталарын эске салып, бүгүнкү күн тартибине кирбей калганын айтты.
"Качан муну карап баштайбыз. Себеби бул өтө актуалдуу маселе. Күн сайын жарандар бул теманы интернетте талкуулап жатышат. "Бийлик качан муну чечет" деп күтүп жатышат", - деди Бекешев.
Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кийинки жумадагы күн тартибине киргизилерин айтты.
Эске салсак, Бекешев Жогорку Кеңештин 26-декабрдагы жыйынында ыш көйгөйүн көтөрүп, Жаңы жылда парламентте тиешелүү кызматтардын маалыматын угууну сунуш кылган.
Жогорку Кеңеш 15.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

