Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү белгилүү болду
Бүгүн, 15-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 639 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 174 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 721 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Эске салсак, бир жыл мурда 15-январда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 145 миллион куб метрди түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.