super.kg logo
  Саясат  

Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун өкүлчүлүгүн ачууну сунуш кылды

 

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев парламентте Жогорку Соттун өкүлчүлүгүн ачууну сунуш кылды.

Ал муну сот тутумунда каралчу маселелер көп болуп жатканын, отурумдарга судьяларды чакыра албай жатышканы менен түшүндүрдү.

"Депутаттарга келген каттардын 80 пайызы сот системасына тиешелүү болуп жатат. Биз судьялардын төрагасын же орун басарларын чакырып, бул жактан отчёт сурай албайт экенбиз. Себеби сот бийлиги көз карандысыз, эркин болушу керек. Ошондуктан парламентте өкмөттүн өкүлчүлүгү сыяктуу кылып ачышыбыз зарыл болуп турат. Анан биз ошол сот өкүлү менен бирге сот системанда болуп жаткан мүчүлүштүктөр менен иштешибиз керек болуп жатат. Аны менен иштеш жеңил. Маселе боюнча Жогорку Сот менен сүйлөшүш керек", - деди Түлөбаев.






Жогорку Кеңеш 15.01.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: