"Чечүүгө мезгил келди". Депутат Токтошев Бишкектеги тыгынды айтып, мэрди чакыртты
Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Бишкек шаарындагы тыгын маселесин көтөрүп, кийинки жумадагы парламенттик отурумга мэрди чакыруу керектигин айтты.
Ал калаа башчысы көйгөйдү чечүү тууралуу пландары менен келсе дейт.
"Акыркы күндөрү унаалар 1-2 саат тыгында туруп калып жатышат. Ошон үчүн мэрди чакыртсак, бул жакка келип, пландарын айтсын. Биз да керектүү каражатты бюджеттен бөлүп берели. Муну чечүүгө мезгил келди. Каалайбызбы, каалабайбызбы чечүү керек", - деди Токтошев.
Жогорку Кеңеш 15.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

