super.kg logo
  Саясат  

"Коридордо дагы дарыланып жатышыптыр". Депутат Бишкекке жаңы оорукана курууну сунуштады (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Бишкек шаарында жугуштуу ооруларды дарылай турган жаңы оорукана курууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, 15-январдагы парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат бүгүнкү күндө калаадагы жугуштуу оорулар ооруканасы 500 орунга ылайыкталганын, бирок учурда ал жакта 600 адам дарыланып жатканын сөз кылды.

"Бүгүнкү күндө жугуштуу оорулардын саны абдан өстү. Факты менен айта турган болсок, 2025-жылдын 10 күнүндө ооруканага 1833 адам кайрылыптыр. Алардын ичинен 1251и жаш балдар. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 500 орун бар. 600 адам жатат дейт. Коридордо дагы жатып дарыланып жатышыптыр.

Бишкекте 1 миллион 200 миңден ашуун адам жашайт. Жугуштуу оорулар абдан көбөйүп жатат. Ошого байланыштуу тез арада ушул жылга Бишкекте жугуштуу ооруларды дарылай турган чоң оорукана куруу боюнча сунушту Министрлер кабинетине бергим келип турат", - деди ал.

Депутат төрага Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, аталган маселе боюнча протоколдук тапшырма берип, көзөмөлгө алышын суранды.






Депутат жугуштуу оорулар көп болуп жатканын айтып, жаңы оорукана курууну сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: