super.kg logo
  Саясат  

Депутат Примов өкмөттү Ош шаарындагы тыгынга да көңүл бурууга чакырды

 

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов өкмөттү Ош шаарындагы тыгын маселесине көңүл бурууга чакырды.

Ал Министрлер кабинетинин Бишкек шаарындагы тыгынды чечүү үчүн жумушчу топ түзүү боюнча кабыл алган чечимин эске салып, буга Ош шаарындагы кошууну сунуш кылды.

"Ош шаары биздин экинчи борборубуз. Бүгүнкү күндө ал жерде жол көгөйү абдан оор. Ачыгын айтыш керек, ал жактагы тыгын, жолдордогу оңдоо иштеринен улам жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы күч алууда. Ошто кошумча көпүрөлөр курулуп жатат. Бирок бул көйгөйдү толук чечпейт. Эгер Ош айланма жолу курулса анда тыгын маселеси чечилмек", - деди Примов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: