super.kg logo
  Спорт  

13 жаштагы казакстандык муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева Словакияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

 
Падышахан Султаналиева менен Байтак Турсунбаевдин уулу да Казакстанда белгилүү. Ал дагы ушул спорт түрү менен машыгат.
Падышахан Султаналиева менен Байтак Турсунбаевдин уулу да Казакстанда белгилүү. Ал дагы ушул спорт түрү менен машыгат.
Элизабет Турсынбаева көп мелдештерде медаль утуп, күндөн-күнгө коомчулуктун көңүлүн имерип келатканы айтылууда.
Өз жаш курагындагылар арасында Казакстанда Элизабет алдына ат салдырбайт.

6-январда Словакиянын Братислав шаарында өткөн муз үстүндө бийлөө боюнча эл аралык мелдеште 13 жашар Элизабет Турсынбаева өз жаш курагындагылар арасында алтын медаль тагынды. Бул маалымат казакстандык басылмаларда жарык көрдү. 

Маалыматка ылайык, мелдешке 10 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Анда казакстандык спорт сүйүүчүлөрүнүн үмүтүн актап, өлкөнүн капчыгына жалгыз алтын алып келген Элизабет Турсынбаева болду.  

Кошумчалай кетсек, Элизабет аталган спорт түрү боюнча спорт чеберине талапкер. Казакстандын 3 жолку чемпиону жана 2013-жылкы Минск шаарынын "Гран-При" мелдешинин күмүш медалынын ээси.

Казакстандык маалымат булактарына таянсак, 13 жашар Элизабет Турсынбаеванын апасы Падышахан Султаналиева кыргыз улутунан болсо, атасы Байтак Турсунбаев казак улутунан. Алар кызынын карьерасы үчүн Канадага көчүп барып,аны белгилүү машыктыруучу Брайан Орсердин колуна тапшырган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: