super.kg logo

Ала-Букада 71 жаштагы аял айыл өкмөткө бычак сайды (окуянын чоо-жайы)

 

Ала-Бука районунда айыл өкмөт башчысы бычакталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 15-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, 12-январь күнү саат 15:50 чамасында милицияга район аймагындагы борбордук базарда 71 жаштагы аял киши А.А. аттуу жаранга бычак сайганы тууралуу билдирүү түшкөн. Жабырлануучу ооруканага жаткырылганы дагы кабарланган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Териштирүү ишинде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 50 жаштагы башчысы жол боюнда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда 71 жаштагы аял киши ашкана бычагы менен анын көкүрөгүнүн сол тарабына сайып жибергени аныкталган. Шектүү 1999-жылдан бери психологиялык жактан жабыркаган жаран катары каттоодо тургандыгы такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү 48 саатка камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: