super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сурабалдиева Байсалов эмне менен алек болуп жүргөнүн түшүнбөй жатканын айтты

 

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ымыркайларын таштап кеткен учурлар көп катталып жатканына тынчыздануусун билдирип, буга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов көңүл буруш керектигин айтты.

Ал парламентте беби-бокс (таштанды балдарды калтырып кетчү кутулар) маселесин дайым көтөрүп жаткынын белгилеп, бирок ал ишке ашпай атканына нааразы болду.

"Мына 3-январда дагы Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттердин биринен ак шейшепке оролгон ымыркай табылыптыр. Милиция тарабынан тиешелүү иштер жасалыптыр. Урматтуу вице-премьер, эми кайсы жумуш менен алек болгонуңузду мен кээ бирде түшүнбөй калам. Келгиле бул маселени чечеличи. Беби-боксторду төрөт үйлөрдүн алдында уюштурсак, ал жакка баласын таштаган энелерге кайра ойлонуп алып кетиш үчүн убакыт берилет экен дагы, белгилүү мөөнөттөн кийин догдурларга өтөт экен. Эми канчалаган наристелер таштандылардын арасынан табылып жатат", - деди Сурабалдиева.

Ошондой эле депутат айым өлкөдө зордук-зомбулук фактылар көбөйүп жатканын белгилеп, бул боюнча өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген вице-премьер Байсаловдун позициясын укпай жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: