super.kg logo
  Саясат  

Медер Абакиров тышкы иштер министринин орун басары болду

 

Тышкы иштер министринин орун басары болуп Медер Абакиров дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Жаңы дайындаган жектекчини эмгек жамаатка МинКаб башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.

Маалымат үчүн:
  • Абакиров Медер Омурбекович 1979-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында туулган.
  • Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана юридикалык факультетин аяктаган.
  • 2004-жылдан тарта ушул күнгө чейин Тышкы иштер министрлигинин системасында ар кандай кызматтарды аркалап, атташеден баштап департаменттин директоруна чейин жеткен.
  • Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси деген дипломатиялык рангга ээ.
  • Англис жана түрк тилдерин билет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: