Өлкөдө сабиз менен кант кызылчасын эң көп өстүргөн дыйкандар аныкталды
Өлкө боюнча сабиз менен кант кызылчасын эң көп өстүргөн дыйкандар аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун багбаны Магуев Сулейман сабиз өстүрүп, андан жогорку деңгээлде түшүм алып келет. Ал эми Наматбеков Жумабек 1 гектар жерге кант кызылчасын өстүрүп, 800 центнерден ашуун кызылча жыйнай алган.
Министрлик жер иштетип, жакшы түшүм жыйнагысы келгендерди Кыргыз улуттук агрардык университетинде өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, түшүмдүүлүктү арттыруунун сырларын ачып бере турган дыйкандар менен өтө турчу иш-чарага чакырат.
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номурга кайрылса болот: 0770 850 015
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.