super.kg logo
  Саясат  

"Чоң мафия бар". Депутат бир адамдын паспорту башка кишиге берилип кеткенин айтты

 

Бүгүн, 16-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов бир жарандын паспортун башка жаранга берилип кеткенин айтып, укук коргоо органдарынан ишти териштирүүнү талап кылды.

"Тынчтыкбек деген Ноокат районунун тургуну кайрылып жатат. 2016-жылы анын паспортун Аламүдүн районунан башка кишиге жасап берип салган. "7 жылдан бери кайрылып жатам. Эч кандай жыйынтык жок. Өзүмдүн паспортумду ала албай жатам" дейт.

Ушул боюнча чара көрсөңөр. Укук коргоо органдары териштирип берсеңер. Эмне себептен, кандай болуп берилип кетти? Бул жерде бир чоң мафия бар да. Бир эле ушул факты эмес. Мындай жасалма паспортторду алгандар көп", - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: