Ысык-Ата жана Өзгөн райондорундагы айыл өкмөттөргө 25 унаа берилди



Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Ысык-Ата жана Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрацияларына 25 унаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, унаалар аталган райондордун айыл өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилет. Касымалиев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан аймактык реформага токтолуп, шаарларды өнүктүрүүгө канча каражат бөлүнүп жатканын айтты.
"Жалал-Абад шаарына 2,2 миллиард сом, Каракол шаарына 2 миллиард сом, Кара-Балта шаарына 1 миллиард сом, Токмок шаарына 1 миллиард сом, Балыкчыга 300 миллион сом, Талас шаарына 300 миллион сом бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

