super.kg logo
  Спорт  

Олимпиадага катышкан спортчу машыгуу учурунда океанга чөгүп жаткан кызды куткарып калды (видео)

 

Париж Олимпиадасына кайтсёрфинг спорту боюнча катышкан бразилиялык спортчу Бруно Лобо машыгуу учурунда океанга чөгүп жаткан кызды байкап, аны куткарып калды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, андагы видео менен бөлүштү.

Окуя Бразилиядагы Сан-Луис шаарындагы океандын жээгинде болгон. Анда спортчу өзүнүн жаңы алган жабдууларын текшерип көрүү үчүн океанга машыгууга чыккан. Ал машыгуусун видеого дагы тартып жаткан. Ошол учурда океанга чөгүп жаткан кызды байкап, дароо жардамга келген.

"Ошол убакта күн бүркөө болчу. Бирок мен жаңы алган жабдууларды, камерамды текшерүү үчүн океанга чыккам. Ошол учурда мен терең жерде чөгүп жаткан кызды көрдүм. Аны океан тартып кетип бара жаткан", - деп жазды ал.

31 жаштагы спортчу тез эле ага жакындап, аны тынчтандырып, өзүнүн аркасына чыгууга жардам берген.

"Ал абдан чарчаган жана алсыз болгон. Аны жээкке аман-эсен алып чыгуу үчүн кайтсёрфинг жабдууларын колдондум, ал жерде куткаруучулар биринчи жардам көрсөтүштү. Кудайга шүгүр, баары жакшы", - деди Лобо.

2024-жылкы Париж Олимпиадасында Лобо кайтсёрфинг боюнча парустук жарышта 7-орунду ээлеген.






Спортчу машыгып жатып, океанга чөгүп жаткан кызды куткарып калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: