super.kg logo

Түштүк Кореянын президенти кармалганга чейин акыркы мүнөттөрүн ити менен өткөрдү

 

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл кармалганга чейин акыркы 10 мүнөтүн Тори аттуу ити менен өткөргөн. Бул тууралуу ТАСС агенттиги корей басылмаларына таянып жазды. Басылмаларга муну бийликтеги Жарандык күч партиясынын депутаттары айтып беришкен.

Кечээ, 15-январда Ёл камакка алынган.

Белгилей кетсек, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Буга улай оппозиция парламентке президентке импичмент жарыялоо долбоорун алып кирген. Бирок көпчүлүктү түзгөн бийликтин партиясынын мүчөлөрү бойкот жарыялап, 105 депутат жыйындан чыгып кеткен. Ошентип Ёл биринчи импичмент маселесинен кутулган болчу. Көп өтпөй Түштүк Кореянын Юстиция министрлиги президенттин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.

Болуп өткөн окуядан кийин депутаттар Юн Сок Ёлдун аскердик абалды жарыялоосуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алган. Буга улай парламент өлкө башчысына импичмент жарыялоо маселесин кайра карап жактырган. Мындан улам Ёл 2 жолу суракка чакыртылып, ал баруудан баш тартканы маалым. Ёл суракка келбей койгонуна байланыштуу Коррупцияга каршы тергөө башкармалыгынын башчысы президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирген. Жыл аягында Түштүк Кореянын соту Юн Сок Ёлду камакка алууга ордер берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: