ӨКМ Бишкектеги үч кабаттуу үйдөгү өрт боюнча тарап жаткан маалыматтар туура эместигин билдирди (видео)
Бишкек шаарынын Үмөталиев көчөсүндөгү көп катабаттуу турак үйдөн чыккан өрт боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн,16-январда түшүндүрмө берди.
Айта кетсек, айрым социалдык түйүндөрдө көп кабаттуу жаңы курулган турак үйдө эки ирет кайталанып чыккан өрт боюнча жашоочулар тарабынан өрт өчүрүү-куткаруучулардын дарегине нааразы пикирлер айтылган.
ӨКМдин кызматкери биринчи өрттү өчүрүлгөн соң, жашоочулар электриктердин уруксаты жок электр энергиясын жандырып, анын себебинен өрт экинчи ирет кайталангандыгын билдирди. Жана да курулушта өрттүн бат чыңалышына алып келген материалдар колдонулгандыгын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, борбордогу аталган аймакта чыккан өрт 14-январда саат 07:04 чамасында орун алган.
16.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.