Ок атышпоо жарыяласа да Израил Газаны аткылоого алды
Израиль ок атышпоо келишимин жарыялангандан кийин Газаны аткылап, натыйжада 70тен ашуун адам каза болду. Бул туурасында Al-Aqsa телеканалы анклавдын жарандык коргонуу өкүлү Махмуд Басалга таянуу менен билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
“Сионисттик оккупациялык күчтөр ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин 71 кишини, анын ичинде Газа шаарында 61 кишини өлтүрүштү", – деген өкүл.
Израиль менен ХАМАС кыймылы – Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотууга макул болушкан. Келишимдин 19-январдан тарта күчүнө кириши күтүлүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.