super.kg logo

"Ышты алдын алуу". Бишкекте унаалар үчүн зыяндуу түтүндөрдү тазалоочу катализаторлор көрсөтүлдү

 
Бишкекте атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында унаалар үчүн зыяндуу түтүндөрдү тазалоочу катализаторлор көрсөтүлдү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, бул атмосфералык абаны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун бири. Иш-чарага Бишкек жана Чүй облусунун атмосфералык абаны жакшыртуу боюнча жумушчу топтору катышты.
"Катализаторду Цындао университетинин адьюнкт-профессору тааныштырды. Адистердин айтымында, Бишкектеги түтүнгө жеке сектордун жана катализаторсуз унаалар себеп болууда. Катализаторлордун жоктугу атмосферага көмүр кычкыл газынын, көмүртектин жана башка уулуу заттардын көп бөлүнүп чыгуусуна алып келет.
Мындан тышкары, Жал айылындагы «Жан Уя» балдар бакчасында акылдуу от казандын иши көрсөтүлдү. Бул от казан аз көмүр менен иштейт жана көмүр кычкыл газын күйгүзүүчү механизми аркылуу абага зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарат, ошондуктан экологиялык жактан таза жана натыйжалуу", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: