super.kg logo
  Спорт  

UFC 311: Ислам Махачевдин оорусу тууралуу маалыматтан кийин менеджери билдирүү таратты

 

Орусиялык мушкер, жеңил салмактагы UFC чемпиону Ислам Махачевдин менеджери Ризван Магомедов спортчунун ден соолугунун начардыгы тууралуу маалыматка комментарий берди.

"Баары жакшы, беттешке даярдыктар жүрүп жатат. Журналисттерге ишенбегиле", - деди Ризван Магомедов "Матч ТВ" телеканалына.

Эскерте кетсек, буга чейин Жаңы Зеландиянын Sky Sport телеканалынын журналисти Равиндер Хуния Махачев орус тектүү армян мушкери Арман Царукян менен беттешке аз калганда ооруп калганын билдирген. Ал Махачев эки телеберүүгө келип, маек бермек экенин, оорусунан улам келе албай калганын айткан.

Эске сала кетсек, Махачев кезектеги беттешин 19-январда Лос-Анжелес шаарында өтө турган UFC 311 турниринде өткөрөт. Анын атаандашы армян-орусиялык мыкты мушкер Арман Царукян болмокчу. Бул мушкерлердин реванш беттеши.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: