Кел-Сууга унаалардын кирүүсүнө тыюу салынды



Кечээ, 16-январда Нарындын Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан атайын түзүлгөн комиссия Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнүн абалын текшеришти. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 17-январда билдирди.
Ага ылайык, Кел-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгы, резина калдыктары калбагандыгы, экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендиги аныкталган. Комиссия мүчөлөрүнүн чечимине ылайык, Кел-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө, муз бетинде унаа айдоого тыюу салынып, толук көзөмөлгө алынат.
Ошондой эле аталган өрөөндүн Көк-Кыя тилкесинде иштеп жаткан "Медер Ютком" туристтерди тосуучу мейманкана ээсине өрт коопсуздугу, экологиялык техникалык эрежелери, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, көлдү таза кармоону түшүндүрүштү.
Белгилей кетсек, буга чейин интернет булактарында муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабастан, унаа айдаган видео тараган.
Видео: Влад Ушаков
17.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.