Ташиев Тажикстандын кол салуусунда жоготуулар эмнеге көп болгонун айтып берди (видео)

Атайын кызматтын башчысы чек ара жаңжалы чыккан маалда мамлекетте бир да аскер машинасы жок болгонун белгиледи.
"Капсалаң биз бийликке келгенден жарым жылдан кийин болуп кеткен. Ал кезде биздин армиянын эч нерсеси болгон эмес. Бул жерде отурган аскер кызматкерлери мени калп айттырбайт. Анда биздин аскерлер 40-50 жыл мурда чыгарылган автомат, тапанча менен гана чыккан. Ал тургай бронежилет жок эле. Ошол себептен жоготуулар көп болгон. Чек араны эски УАЗ, портерлер менен кайтарышчу. Айлыктары 15-17 миң сом эле.
Айтор, мамлекет улуттук коопсуздукту камсыз кыла алган эмес. Чыр-чатак учурунда бизде бир эле сооттолгон автоунаа бар болчу. Аны да качандыр бир кезде кримтөбөл Эркин Мамбеталиев белек кылыптыр. Жаңжалда ошол жападан жалгыз машина менен ок-дары ташып, көз жумган, жарадар болгон аскерлерди алып кетип жаттык", - деди Ташиев.
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

