Бишкекте милиция жубайын сабаган жаранды кармады
Бишкек шаарында жубайын ур-токмокко алган деп шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-январда милицияга аял киши кайрылып, күйөөсү сабаганын айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө шектүү буга чейин да үй-бүлөлүк зомбулук аракеттери үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.
Натыйжада ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.