super.kg logo

Бишкек мэриясы жылуулук энергиясына байланыштуу түшүндүрмө берди

 
Декабрь айында жылытуу жана ысык суу үчүн эсептелген суммалар ноябрь айына караганда жогору эсептелет. Бул туурасында мэриядан кабарлашып, кенен түшүндүрмө берди.
Маалымдалгандай, бул жылуулук берүү мезгилинде абанын температурасына жараша 5 айга бирдей бөлүнбөстүгү менен байланыштуу. Ноябрь айында жалпы бир жылдык жылуулуктун көлөмүнөн 17 пайыз бөлүнсө, декабрга 22 пайыз, январга 25 пайыз, февралга 20 пайыз, мартк 16 пайз туура келет.
Декабрь айында орточо абанын температурасы нормадан төмөн болуп, -2,1 °С (норма -1,1 °С) түзсө, ноябрь айында ал нормадан жогору болгон: +6,5 °С (норма +3,8 °С). Буга байланыштуу жылуулукту керектөө көбөйөт, ал квитанциядагы суммаларга таасирин тийгизет.
Эсептөөлөр жылуулук энергиясын эсептөө методикасы боюнча жүргүзүлөт. Ай сайын эсептелген сумма абанын орточо айлык температурасына түздөн-түз байланыштуу болот, аны өлкөнүн гидрометеорологиялык кызматы камсыз кылат. Жылытууда ошол канчалык суук болсо, эсептелген сумма ошончолук жогору болот.
Эскерте кетсек, 1-сентябрынан тартып Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жылуулук энергиясынын тарифтери жогорулатылган.
Алсак, калк үчүн: Жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки турак жайлар үчүн ай сайын колдонулуучу жылуулук энергиясынын социалдык нормасы киргизилген. Бул норма социалдык тариф боюнча 1 гигакалория үчүн 1560 сом төлөнөт.
Панель үйлөрдүн 105-сериясындагы батирлер үчүн болжолдуу жылытуу наркы:
* 1 бөлмөлүү батир (35,1 чарчы метр) —сарпталган жылуулук 3,6 гигакалория — 5616 сом.
* 2 бөлмөлүү батир (48 чарчы метр) — сарпталган жылуулук 4,93 гигакалория — 7691 сом.
* 3 бөлмөлүү батир (61 чарчы метр) — сарпталган жылуулук 6,31 гигакалория — 9844 сом.
1 чарчы метр аянтка жылуулук үчүн болжолдуу нарк: 1 560 сом/ гигакалория тариф боюнча жылына 160,2 сом.
80 чарчы метрден ашкан жалпы аянттагы турак жайлар үчүн жылуулук энергиясынын тарифтери социалдык нормадан ашкан ар бир чарчы метр үчүн орто эсеп менен 5998,17 сом/ гигакалория тарифинде алынат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: