super.kg logo

Стамбулда жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондордун саны өстү

 

Стамбул полициясы 33 миң литр метил жана этил спиртин колго түшүрүп, андан шаарда ондогон адамдар каза болгон. Контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгарган жана саткан деген шек менен тогуз адам кармалганын чет элдик басылмалар жазышты.

Анадолу телеканалынын акыркы маалыматына караганда, апта башынан бери жасалма алкоголдук ичимдиктерге ууланып 33 адам каза болду. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Түркмөнстандын жарандары экендиги кошумчаланган.

Апта башынан бери жасалма алкоголдук ичимдиктерди ичкен деген шек менен 80ден ашуун адам Стамбулдун медициналык мекемелерине кайрылышкан. Учурда дагы 30дан ашык адам жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.

Укук коргоо кызматы “Атайылап киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Белгилей кетсек, буга чейин жасалма алкоголдук ичимдикке ууланган кеминде 38 киши ооруканага жаткырылып, алардын 11и каза болгону маалым болгон.

Түрк полициясы Түркмөнстандын эки жаранын "үй шартында алкоголдук ичимдик жасап, таратып жүргөн" деген шек менен кармалгандыгын билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: