super.kg logo

УКМК Айка Мусаева аттуу белгилүү блогерди кармады

 

Жалал-Абад шаарында "Айка Мусаева" деп таанылган белгилүү блогер кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган адам Сузак районунун ишкерлеринен жана колунда бар жарандарды коркутуп, социалдык тармактарга терс сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайм деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

"Учурда тергөө амалдары менен 120 миң жана 80 миң сом акча талап кылуу жана алуу боюнча 2 факты аныкталды. Кээ бир учурларда Айка Мусаева аттуу жаран УКМК менен байланышы бардыгын айтып, кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүп алып, өз ара пайыздык ченемдерди макулдашып, акчалай карыздарын кайтарып берүү боюнча жеке кызмат көрсөткөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Айка Мусаеванын бул кылмыштуу иш-аракети Сузак айылдык кеңешинин төрагасы Х.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, ал дагы кармалган.

Учурда бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК Айка Мусаевдан жабыркагандар болсо 0995 012 210, 03722 5-60-49 телефондоруна кайрылууну суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: