Орус аскерлери Украинанын Ясеновое айылын көзөмөлгө алып, желекти илишти
Орус аскерлери Украинанын Ясеновое айылын көзөмөлгө алып, айылга Орусиянын туусун илишти. Бул тууралуу Орусиянын Коомдук палатасынын эгемендүүлүк маселелери боюнча комиссиясынын жетекчиси Владимир Рогов РИА Новостиге билдирди.
Роговдун айтымында, орус аскерлери желекти көтөргөндөн кийин айылды Украинанын куралдуу күчтөрүнүн согушкерлеринен тазалоону аяктап жатышат.
Рогов ошондой эле орус армиясы Донецктин батыш тарабына карай жылып, Новоандреевка айылынын чет жакаларында салгылашуу башталганын да билдирди.
Буга чейин Рогов Орусиянын куралдуу күчтөрү Донецктеги Соленое кыштагынан батышты көздөй жылып, Украинанын Днепропетровск облусу менен чек арага жакындап калганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.