Нурмагомедовдун UFC'деги беттеши сенсация менен аяктады (видео)
АКШнын Калифорния штатында өтүп жаткан UFC 311 турниринде орусиялык Умар Нурмагомедов грузиялык Мераб Двалишвилиге сансациялуу түрдө утулуп калды.
Беттеш беш раундга созулуп, сенсациялуу аяктады. Тагыраагы 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти грузиялык мушкерге ыйгарышты. Беттештин алдында Умар Нурмагомедов талашсыз фаворит катары эсептелген.
Ошентип, Мераб Двалишвили карьерасындагы 19-жеңишине ээ болду, ал эми Умар Нурмагомедов UFC уюмундагы алгачкы жеңилүүсүн тартты.
Белгилей кетсек, турнирдин негизги беттешинде орусиялык мушкер Ислам Махачев менен бразилиялык Ренато Мойкано жеңил салмактагы чемпиондук наам үчүн беттешет.
Нурмагомедов сенсациялуу утулду
Нурмагомедов сенсациялуу утулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.