super.kg logo
  Спорт  

UFC 311: Умар Нурмагомедов карьерасындагы биринчи жеңилүүсүн моюнуна алган жок

 

Орусиялык UFC мушкери Умар Нурмагомедов Лос-Анжелесте өткөн UFC 311 турниринде жеңил салмактагы чемпион Мераб Двалишвилиге жеңилгенден кийин октагондон эле билдирүү жасады.

"Алгачкы үч раундду мен жеңдим деп ойлойм. Бирок баары Жараткандын каалоосу. Мен бул беттешти эми көрөм. Мен утулган жокмун деп ойлойм. Мен анын абдан күчтүү экенин билчүмүн. Бирок бул беттеште мен күчтүү болгондой сезилди", - деди Усар Нурмагомедов.

Эске салсак, беттеш беш раундга чейин созулуп, калыстардын бир добуштан чечими менен Двалишвилинин жеңиши менен аяктаган. Муну менен Умар Нурмагомедов карьерасындагы алгачкы жеңилүүсүн тартса, Двалишвили чемпиондук наамын коргоп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: