super.kg logo

ЖКККББ Кыргызстанда бир жылда канча айдоочу эреже бузганын айтты

 
Өлкөдө бир жыл аралыгында 1 миллион 34 миң 196 айдоочу жол эрежелерин бузганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, жол эрежелерин бузгандардын көпчүлүгү жол белгилерине баш ийбегендер, ылдамдыкты ашырып айдагандар жана коопсуздук курун тагынбагандар.
Статистикага таянып, бир жыл ичиндеги жол эрежелерин бузгандарды бөлүп карай турган болсок:
  • Мас абалында унаа башкарган 13 миң 496 айдоочу;
  • Ылдамдыкты ашырып айдаган 187 миң 726 айдоочу;
  • Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 3487 айдоочу;
  • Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 11 миң 590 айдоочу;
  • Автоээнбаштык кылган 563 айдоочу;
  • Жол белгилерине баш ийбеген 428 миң 41 айдоочу;
  • Коопсуздук курун тагынбаган 127 миң 311 айдоочу.
Ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 104 миң 476 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: