super.kg logo
  Саясат  

Жаратылыш министри Бишкектеги ыш мурунку жылдарга салыштырмалуу азайганын айтты 

 

Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бишкекте абанын сапаты жакшырганын билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги абанын сапаты жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2022-2023-жылдарга салыштырмалуу тазарган.

"Бишкектеги абанын булганышы чоң көйгөй жаратып келет. Анын эң негизги себептери: унаалардагы катализатордун жоктугу, калктуу конуштардын кескин өсүшү, туура эмес жана башаламан курулуштар, курулуштардын себебинен дарактардын жок кылынышы, мына ушул себептерден улам шамалдын агымы бузулуп ыш маселеси күчөп жатат.

Бишкекте 2022-2023-жылдары ыш эң жогорку чекке жеткен. Ошондон бери бир топ иштер жасалап, учурда ыштын азайганы байкалууда. Ыш толук түрдө жок боло элек, бирок мурункуга салыштырмалуу азайды", - дейт министр.

Ошону менен катар Машиев Бишкектеги ыштын келип чыгуусуна түрткү болуп жаткан факторлорду тизмектеди.

"Эл аралык уюмдар жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, абанын булганышынын 40 пайызын көмүр колдонуу, 30 пайызын эски унаалардан чыккан газдар, 15 пайызын жылуулук электр борбору, чаң 13,5 пайызын, өнөр жай ишканалары 1,5 пайызын түзүп жатат. Абанын сапаты Кыргызгидромет борбору берген маалыматка караганда, 2024-жылы мурдагы жылдарга караганда жакшырган", - деди жаратылыш министри Медер Машиев.






Жаратылыш министри Бишкектеги ыш мурунку жылдарга салыштырмалуу азайганын айтты 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: