Оштогу базарга соодагерлерди көчүрүү иши бир айга жылдырылды

Мекеме билдиргендей, буга учурда иштеп жаткан борбордук базардагы соодагерлердин кайрылуулары себеп болгон.
"Бир ай аралыгында соодагерлер Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгуусу керек", - дешти мэриядан.
Эске салсак, буга чейин базарга соодагерлерди көчүрүү иштери 20-январга болжолдонгону кабарланган.
Маалымат үчүн: Базар 2500 орунга ылайыкташып, 25 катардан турат. Соода орундуктарынын аянты 6-7 чарчы метрди түзөт. Базарга кирүүчү туурасы 7,5 метрди түзгөн 2 негизги жол бар. Өрт коопсуздугун сактоо максатында ар бир 5-катарда гидрант орнотулуп, базар электр энергиясына, коммуналдык тармактарга туташкан.
20.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.