super.kg logo

Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалып, анын күйөөсүнө издөө жарыяланды

 

Москва районунда бир катар алдамчылык иштерге жубайлар шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июлда милицияга Сокулук районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал май айында жубайлар ишенимине кирип, Toyota RAV4 жана Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааларын алып, кийин үчүнчү жактарга сатып жиберишкенин айткан. Натыйжада жабырлануучуга 2 миллион 500 миң сом чыгым келтирилген. Мындан тышкары алардын үстүнөн дагы 10 адам арызданган.

Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө шектүүлөр жарандардан акча, мал жана унааларды "кийин акчаңарды үстөк пайызы менен кайтарып беребиз" деп алышып, бирок из жашырып кетишкени аныкталган. Анын алкагында шектүү делген 42 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми анын 47 жаштагы күйөөсүнө издөө жарыяланды. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: