Алтынбек Жумаев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды
Алтынбек Жумаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды. Мындай маалыматты президенттин администрациясынан тастыкташты.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Жумаев Алтынбек Токтомуратович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп жазылат андагы билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

