super.kg logo

Министр Боз-Бөлтөк тоосуна Бишкектеги ышты онлайн көрсөтүп турган камера орнотуларын айтты

 

Бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Боз-Бөлтөк тоосуна Бишкек шаарындагы ыштын абалын аралыктан көрсөтүп турган видеобайкоо орнотуларын билдирди. Ал бул тууралуу отурумда "Ыш менен байланышкан экологиялык абал жөнүндө" парламенттин 2023-жылдагы токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Министр мындай кадамга ыш маселесинде жарандарга туура эмес маалымат тарап жаткандыктан барып жатышканын белгиледи.

"Тилекке каршы, айрым учурларда коомчулукка туура эмес маалыматтарды таратып, терс пикир жараткандар пайда болуп жатат. Алар ышка байланыштуу такталбаган эски маалыматтарды чыгарып, коомдук пикирди бурамалоодо. Мындан улам биз Боз-Бөлтөк тоосуна Кыргызтелекомдун онлайн 2-3 видеокөзөмөлүн орнотууну пландап жатабыз. Шаарыбыздын тургундары Бишкектин үстүндөгү ышты онлайн режимде көрө алышат", - деди Машиев.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө дагы ыш маселеси курч экенин, бирок социалдык тармактарда 2022-жылдардагы жогорку деңгээлге чыккан ыш тартылган видеолор тарап жатканын белгиледи. Министр ал жылдарга салыштырмалуу борбор калааны каптаган түтүн азайды деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: