super.kg logo

Орусияда белгилүү актёрдун унаасынан аялдын жансыз денеси табылды

 

Белгилүү орус актёру Гоша Куценконун унаасынын багажынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жазды.

Актёрдун Запорожец унаасы Москванын Кутузовский проспектисиндеги үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган. Унаа ачык болчу. Аялды өлтүрүп, актёрдун унаасына салып койгонго шектүүнү полиция кармаган. Ал 30 жаштагы Альберт Абдуллин аттуу бир нече жолу соттолгон жаран болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү аялды бычак менен кеминде 12 жолу сайып, токтоп турган актёрдун унаасына салып, качып кеткен.

Актёр унаасын бекитүүнү унутуп калган.

Гоша Куценко 2019-жылы туулган шаары Запорожье шаарынын элесине арнап Запорожец унаасын сатып алган. Актёр унаасын Москвада дайыма айдап жүрчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: