Трамп менен Байден инаугурация аземине жөнөп кетишти (видео)
Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп АКШнын азыркы лидери Жо Байдендин коштоосунда АКШнын 47-президенти катары ант бере турган Капитолийге барды.
Буга чейин 2017-2021-жылдары АКШнын президенти болгон Трамп 2024-жылдын 5-ноябрында өткөн президенттик шайлоодо жеңген. Ал 19-кылымдан бери төрт жылдык тыныгуудан кийин Ак үйгө кайтып келген биринчи америкалык саясатчы болуп калды.
Ант берүү аземи бул жолу Капитолийдин ротондасында өтөт. 40 жылдан бери биринчи жолу АКШ президентинин инаугурациясы жабык жайда өткөнү турат. Трамп өзү муну Вашингтондогу катуу суукка байланыштырды.
Видео
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.