Трамптын инаугурация аземи башталды
Кошмо Штаттардын баш калаасы Вашингтондо АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи башталды.
Алгач АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин ант берүү аземи болот, андан кийин ант берип, расмий кызматка киришкен Трамп инаугурациялык сөз сүйлөйт. Андан соң жаңы шайланган америкалык лидер бир катар документтерге, анын ичинде меморандумдарга же буйруктарга кол коёт.
Расмий инаугурациядан кийин өткөрүлчү парад сууктан улам Вашингтон шаарынын борборундагы Capital One Arena стадионунда болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.