super.kg logo

Башкы прокуратура Бишкекте өзүн өрттөгөн жаран боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 20-январда Башкы прокуратуранын имаратынын алдында М.Э. аттуу жаран сот жана прокуратура органдарына нараазычылыгын билдирип, жанына ала келген күйүүчү майды чачып, өзүн өрттөөгө аракет кылган. Башкы көзөмөл органы аталган окуя боюнча маалымат берди.

Маалымдалгандай, аталган жаранга медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча Октябрь РИИБи тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Аталган жарандын дооматтары тууралуу белгилей кетсек, Октябрь РИИБи тарабынан А.у.М. аттуу жаран алдоо жолу менен жабырлануучу М.Э.ге таандык баасы 63 миң доллар турган автоунаасын сатып жиберип, акчасын кымырып алган факты боюнча кылмыш иши козголуп, А.у.М. камакка алынып, кылмыш иш 2024-жылдын 4-декабрында соттун кароосуна жиберилген.

Бирок Октябрь райондук сотунун судьясы айыпкер А.у.М.ны сотто катышкан прокурор тарабынан камакта калтырууну сурагандыгына карабастан, аны камактан бошоткон. Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпкерди кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет.

Мындан тышкары Бишкек ШИИБинде А.Т. жана А.К. аттуу жарандар камакта турган Бишкек шаарынын Осипенко көчөсүндөгү үйдү М.Э.ге жана И.А.га 500 миң долларга алдоо жолу менен саткан фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Жогоруда белгиленген жагдайлар Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө экени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: