super.kg logo

АКШнын 47-президенти Трамп расмий түрдө кызматына киришти (видео)

 

Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп расмий түрдө кызматына киришти. Трамптын инагурациялык аземи кечээ, 20-январда Вашингтон калаасында орун алды.

АКШнын 47-президентинин ант берүү аземине Трамптын үй-бүлө мүчөлөрү, Вэнстин туугандары, кызматтан кетип жаткан президент Жо Байден, экс-вице-президент Камала Харрис, экс-президент Билл Клинтон жубайы Хиллари менен, экс-президенттер Жорж Уокер Буш жана Барак Обама ошондой эле IT-корпорациялардын жетекчилери, АКШнын Жогорку Сотунун мүчөлөрү катышты.

Ал өз сөзүндө Американын "алтын доору" башталып жатканын жар салып, бардык мамлекеттер АКШга суктанарын, Американын ар дайым биринчи орунда болушуна кепилдик берерин билдирди.

Эске салсак, Трамп буга чейин АКШнын 45-президенти болуп, 2017-2021-жылдары башкарган.

Инаугурация – жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кызматына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанаттуу ант берүү аземи.





21.01.25

АКШнын президенти Трамп жана биринчи айым сый тамакка келишти.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: