Жалал-Абадда жарандарды коркутуп, акча алып жүргөн УКТ мүчөсү кармалды (видео)
Жалал-Абадда жарандардан опузалап акча талап кылган делип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда милицияга бир адам облус аймагында жарандарды коркутуп, акча чогултуп жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары Сузак районунун 30 жаштагы Т.А. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургундыгы жана мурда соттолуп чыккандыгы аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
21.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.