super.kg logo

«КТБга онлайн кезек» жаңы сервиси эми MegaPay'де!

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун MegaPay колдонмосу өзүнүн колдонуучуларын жаңы ыңгайлуу сервис менен кубантты – эми колдонмо аркылуу КТБга (Калкты тейлөө борборлору) онлайн кезекке жазылууга болот. Бул сервис күтүү убактысын кыскартуу жана мамлекеттик кызматтарды алуу процессин жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыкты.

Жаңы сервистин артыкчылыктары:

- Убакытты үнөмдөө: Эрте келип, кезек күтүүнүн зарылдыгы жок.

- Тандоо ыңгайлуулугу: Жакынкы же кезек күтүүчүлөр азыраак КТБны тандоого болот.

- MegaPay менен интеграция: Колдонуучулар кызматты кошумча катталуусуз же үчүнчү тараптын платформаларына кирүүсүз пайдалана алышат.

- Маалыматтык колдоо: Сервис ар бир КТБда жеткиликтүү болгон кызматтар тууралуу маалыматты сунуштайт, бул бардык керектүү документтерди алдын ала даярдоого жардам берет.

Брондоо шарттары:

▪️ Бир аптадан ашык эмес кезекке турууга жана бир датага бир гана талонду алууга болот;

▪️ Эгерде колдонуучуда буга чейин эле активдүү талон бар болсо, ошол эле датага экинчи талонду тариздөөгө мүмкүн эмес;

▪️ Убакытты же кызмат көрсөтүүнү өзгөртүү үчүн учурдагы активдүү талонду алдын ала жокко чыгаруу зарыл.

Алдын ала кезекке кантип жазылса болот?

▫️ MegaPay’ди жүктөӊүз же жаӊылаӊыз (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү)

▫️ «Сервистер» бөлүмүндө «Мамлекеттик кызматтарга» кириӊиз;

▫️ «КТБга онлайн кезек» баскычын тандаӊыз;

▫️ «КТБга жазылуу» баскычын басыӊыз;

▫️ андан кийин төмөндөгү маалыматтарды көрсөтүӊүз керек:

- электрондук почта;

- облусту/шаарды;

- керектүү КТБны;

- категорияны;

- кызматты;

- тейленүүчү жарандардын санын тандаӊыз;

- датаны, убакытты белгилеп, «Андан кийин» баскычын басыӊыз;

▫️ Соӊунда активдүү жазылуу жөнүндө маалымат чыгат, зарыл болсо, жазылуудан баш тартууга болот.

Жаңы сервис Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана санариптештирүү деңгээлин жогорулатуу боюнча стратегиянын бөлүгү болуп саналат.

Колдонуучулардын айтымында, мындай чечимдерди ишке ашыруу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү кыйла жөнөкөйлөтүп, бюрократияны азайтууга жардам берет.

MegaPay колдонмосу күнүмдүк түйшүктөрдү жеңилдетип, ыңгайлуу кылуу менен, өзүнүн функциясын кеңейтүүнү улантууда. Эгер сиз MegaPay'ди жүктөп ала элек болсоңуз, анын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн баалоого убакыт келди!

MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: