Бишкекте 38 жаштагы жаран тоноого шектелип кармалды
Бишкекте тоноого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-январда Ленин райондук ички иштер бөлүмунө А.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Үмөталиев көчөсүнөн белгисиз адамдар денесине залал келтирип, акчасын жана телефонун тартып алышканын айткан. Келтирилген материалдык зыян жалпысынан 200 миң сомдон ашык сумманы түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.