super.kg logo
  Саясат  

"Мыйзамсыз курулуштар бузулуп..." Мэр Бишкектин түндүк тарабына салынчу айланма жол боюнча айтты

 

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын түндүк тарабындагы мыйзмасыз курулуштар алынып жатканын билдирди.

Ал мындай иштер шаарды тегерете салынчу айланма жолдун кенен түшүшү үчүн жүргүзүлүп жатканын айтты.

"Айланма жолду салуу – замандын талабы. Биз түндүк боюнча айланма жолду баштадык. Транспорт министрлиги менен долбоор иштелип чыгып, аны бекитүү этабында турат. Бирок биз аны күтпөстөн, бүгүнкү күндө мэрия өз күчү менен көптөгөн мыйзамсыз курулуштарды тазалап жатат. Биздин ошол жол 6 тилкелүү болсо экен деген максаттарыбыз бар. Ошого ылайыктап тазалап келе жатабыз. Бүгүнкү күндө 130 жеңил жана капиталдык типтеги мыйзамсыз курулуштарды алдыруудабыз. Февраль айынын аягына чейин толук кандуу Транспорт министрлигине курганга шарт түзүп беребиз. Себеби бул канчалык эрте курулса Бишкекти тыгындан арылууга алып барат деген ойдобуз", - деди Жунушалиев.

Ошондой эле Жунушалиев Чыгыш жана Батыш автобекеттеринин шаардын четине чыгарылышы калаа ичиндеги унаанын агымын азайтканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: