super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарындагы Барсбектин эстелиги жылдырылат. Себеби

 

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Барсбек кагандын эстелиги тыгынды чечүү үчүн жылдырыларын билдирди.

Ал тыгын калаанын эң башкы көйгөйү экенин белгиледи.

"Күндө 150 миң унаа каттамга чыгат. Андан сырткары райондордон 20 миң унаа кирип турат. Жалпысынан бир күндө 170 миң унаа кыймылда болот. Мына тыгынды чечүү үчүн борбордук базарды дагы шаардын батыш тарабына чыгарып жатабыз.

Быйыл республикалык бюджеттен 2 миллиард сом Ош шаарына каралат деп жатат. Ошонун 80 пайызын жолго жумшайлы деп жатабыз. Анын алкагында борбордук көчөлөрдү кеңейтүү каралууда. Мындан тышкары Ош шаарынын чыгыш тарабына айланма жол салууну Транспорт министрлиги менен сүйлөшүп жатабыз. Дагы бир чоң көйгөй батыштагы унаа базары. Ал жакта Барсбек эстелиги бар. Эң чоң тыгындардын бири айкелдин айланасында болот. Ошон үчүн биз эстеликти башка жакка жылдырып, ал жакка бир чоң бир көпүрө салалы деп турабыз. Буга каражат быйыл жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт", - деди Жунусбаев.

Ошондой эле ал Ош шаардагы тыгынды чечүү үчүн акылдуу жол чырактарын орнотуу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: