super.kg logo
  Саясат  

Болунун лыжа базасындагы өрт: Садыр Жапаров Түркиянын президентине көңүл айтты

 

Бүгүн, 21-январда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

“Түркия Республикасынын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-январда Карталкая лыжа базасындагы мейманканадан өрт чыгып, андан 6 адам каза болгону айтылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда каза болгондордун саны 10го жетти, ошондой эле дагы 32 адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: