super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров кыргыз эли 33 диний агымга бөлүнүп кеткенин айтып, аларды тизмектеди

 

Президент Садыр Жапаров алакандай кыргыз эли 33 диний агымга бөлүнүп кеткенин айтып, аларды тизмектеди. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Мамлекет башчысы Сирияга “жихад” кылабыз деп кетишкен 544 жаран былтыр Кыргызстанга кайтарылып келгенин, азыр алар мамлекеттин көзөмөлүндө реабилитациядан өтүшүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Кыргызстанда сот тарабынан тыюу салынган жана ага карабай, ишмердүүлүгүн улантып жаткан агымдар:

1. Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами;

2. Ат-Такфир Валь-Хиджра;

3. Йакын Инкар;

4. Жабхат Ан-Нусра (Сирия аймагына чыгып кетишкен)

5. Катибат Аль-Имам Аль-Бухари (Сирия аймагына чыгып кетишкен)

6. Жаннат Ошиклари (Сирия аймагына чыгып кетишкен).

Экстремисттик же террористтик делип сот тарабынан тыюу салынып, өлкөдө ишмердүүлүгү токтотулган агымдар:

1. Аль-Каида

2. Чыгыш Түркстан Ислам Кыймылы

3. Күрт элдик конгресси

4. Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму

5. Түркстан Ислам партиясы

6. Мун чиркөөсү

7. Жайшуль Махди

8. Жундь-аль Халифат

9. Ансаруллох

10. Акромия

11. Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү

12. ИШИМ - Ирак, Шам Ислам Мамлекети (ИГИЛ)

13. Жамаат ат-Таухид валь-Жихад

14. Жихад тобу

Сот тарабынан тыюу салына элек агымдар (бүгүн ишмердүүлүгүн улантып жатышат):
1. Таблиги Жамаат
2. Салафия
3. Хизмет (Гүленчилер)
4. Нурчулар
5. Сулайманчылар
6. Ахмадия
7. Кораниттер (Ахлуль Куран)
8. Мусулман агайындар (Братья Мусульмане)
9. Жетинчи күндүн адвентисттери (Адвентисты седьмого дня)
10. Жахабанын күбөлөрү (Свидетели Иеговы)
11. Протестанттар (Протестантизм)
12. Иисус Христос чиркөөсү
13. Саентологдор
14. Теңирчилер.

"Бул агымдарга кошулгандар күндөн-күнгө көбөйүп бара жатышат. Себеби тыюу салынбаган агымдар тарабынан ар кандай китеп, баракчаларды таратуу күндөн-күнгө күчөп жатат. Айрым учурларда тыюу салынган агымдар тарабынан да китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, кармалып жатышат", - деп жазды Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы бүгүн кол койгон “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча түшүндүрмө берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: