super.kg logo

Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

 

Бүгүн, 21-январда Бишкек шаардык соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу анын партиялашы Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Атамбаев Султанбеков сотко конвойдун жардамы менен таяк таянып келгенин билдирди. Ошондой эле ал бул жолу дагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сот залына кирүүсүнө, видео тартуусуна тыюу салынганын кошумчалады.

Адвокаттар Биринчи май райондук сотунун №1 тергөө абагында отурган Султанбековдун кармалышынын мыйзамдуулугу жана аны абакка камоо тууралуу буга чейинки чечимине каршы апелляциялык арыз жазышкан.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 9-январда сот алардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Султанбеков кармалган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, анын абалы начарлап баратканын айтып, үй камагына бошотууну суранышкан.

"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: