23-январга карата аба ырайы
Эртең, 23-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6 ... -11, күндүз -4 ... -9;
Талас жергесинде түнкүсүн -7 ... -12, күндүз -4 ... -9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3 ... -8, күндүз 0 ... -5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 ... -8, күндүз -1 ... -6;
Нарын дубанында түнкүсүн -15 ... -20, күндүз -15 ... -20;
Бишкекте түнкүсүн -9 ... -11, күндүз -5 ... -7 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.