Суусамыр–Тараз–Талас жолуна да оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Маалымдалгандай, сунушту №36 жол тейлөө ишканасы берген. Мындай чечим “Өтмөк” ашуусунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
"Аталган унаа жолдо тыгындарды болтурбоо жана абалды байкоо максатында ӨКМдин Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ Өтмөк ашуусуна чыгып кетти", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.