super.kg logo

Эки жансыз дене менен деңизде 67 күн жүргөн адамдын окуясы: Ал 7 жылга камалышы мүмкүн

 

Охот деңизине балык уулоо үчүн чыгып, бороондон улам жээкке жете албай калган 46 жаштагы Михаил Пичугин коопсуздук эрежелерин бузганы үчүн 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, ал иниси менен байкесинин өлүмүнө күнөөлүү деп жана коопсуздук эрежесин бузганга шектелүүдө. Учурда бул факты боюнча тергөө иши аяктоо алдында турат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 7 жылга эркинен ажыратылат.

49 жаштагы Сергей Пичугин, анын 46 жаштагы иниси Михаил жана Сергейдин 15 жаштагы уулу Илья 2024-жылдын 9-августунда деңиздеги саякатын баштаган. Алар Хабаровск аймагынан Сахалинге жол тартып, 150 чакырымдай жолду басып өтүүнү пландаган. Эсептөөлөргө ылайык, жол бир нече саатка созулушу керек болчу, бирок үч күндөн кийин алар менен байланыш үзүлгөн. Буга кайыктын мотору бузулуп, кайык башкаруусуз калганы себеп болгон.

Ачкадан улам Михаилдин агасы жана 14 жаштагы иниси каза болгон. Ал эми Михаил 67 күн аралыгында буурчакты сууга чылап ичип жашаган. Алардын жанында 20 литр гана суу болгондуктан, Михаил жаанда идиштерге суу толтуруп, андан кийин аны пайдаланган. Ал 67 күндүн ичинде 50 килограммдан ашык арыктаган.

Ал жансыз денелерди толкун тартып кетпеши үчүн кайыкка байлап койгон.

14-окятбрь күнү кечинде Ангел кемеси менен балык уулоого чыккан жарандар кайыкты байкап, ага жардам беришкен. Кайык Камчаткадан 23 чакырым алыстыкта деңизде башкаруусуз жүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: